Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Анатолий Горбунов борбор калаанын 6-кичирайонунда эки балдар аянтчасын орнотту. Эми №33/1, 34/1, 35/1 үйлөрүнүн короолорунда балдар ойноп, жайкы каникул мезгилиндеги бош убактысын көңүлдүү жана пайдалуу өткөрө алышат.

Оюн конструкциясы өзүнө бир нече элементти камтыйт: тоочо, ар башка курактагы балдар үчүн селкинчектер, отургучтар, оор конструкциядагы турниктер.

“Балдар аянтчалары – бул оюн үчүн гана каралган жер болбостон,  балдардын дене мүчөлөрүнүн, акылынын, социалдык жана эстетикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү курал болуп эсептелет,”-дейт шаардык кеңештин депутаты.

Мындан тышкары,  кичирайондун ушул участогунда квартал аралык жолду  реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат.