Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 2018-жылдын 5-июлунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевдин кезектеги жеке кабыл алуусу болуп өттү.

Анын жүрүшүндө  жарандар төрагага  турак жай, шаардагы мектептерде спорттук секцияларды уюштуруу, турак жай ээлеринин коомдоштуктары, жаңы конуштардагы жер участокторун мыйзамдаштыруу маселелери боюнча кайрылышкан. Ошону менен катар, келген аксакалдардын бири борбор калаа парламентинин башчысы Алмаз Кененбаевге шаар жана шаардыктар үчүн жасап жаткан активдүү иштери үчүн батасын берип, чоң ыраазычылык билдирди.