Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 2018-жылдын 3-июлунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана төраганын орун басары Эмил Сыдыков Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул-күзөт кызмат полкунун милиционерлерин кызматтын түзүлгөн күнү менен куттукташты.

“Сиздер кылмыштарды жана мыйзамсыздыктарды болтурбоого багытталган иштерди аткарып, кылмышкерлерден жапа чеккендерге биринчилерден болуп жардамга келип, жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүүдөсүздөр”,- деди шаар кеңешинин спикери Алмаз Кененбаев.

Ал милиция кызматкерлеринин мыйзамлуудукту коргоо жаатында жасап жаткан эмгектери үчүн Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын атынан ыраазычылык билдирип, кызмат өтөөдө өзгөчө жетишкендиктерге ээ болгон кызматкерлерге Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык каттарын тапшырды.