Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев “Кара жыгач токоюнда” аткарылып жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жүрүп жаткан жумуштар жана келечек пландар менен  Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрация башчысы Самарбек Болотбеков тааныштырды.

Учурда токойчонун реконструкциясы боюнча иштин бир бөлүгү аяктаган: сыртты жарыктандыруучу светодиоддук чырактары менен 66 түркүк, видеокөзөмөлдөөчү 20 камера, 14 Wi-Fi точка, темир-бетон  лотоктор, түтүктөр, арык блоктору орнотулган, 2662 чарчы метр жерде асфальтбетон жабуусу алмаштырылган, 2262 чарчы метр жерде брусчатка төшөлгөн, көлөкө түшүрүүчү чатырчасы бар отургучтар, урналар жана сахнанын металл каркасы даярдалган.

Администрация башчы Самарбек Болотбековдун айтымында жумуштар иштелип чыккан планга ылайык аткарылууда.

Шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев ремонт жасалып жаткан бардык участокторду кыдырып, бактардын, Комсомол жана Пионер көлдөрүнүн абалын көрүп, токойчодо эс алып жаткан балдар, “Аркан токойго” келген экстримди сүйүүчүлөр менен баарлашып, аларга жайкы эс алуунун көңүлдүү өтүшүн каалады.

Бүгүнкү күндө 1881-жылы А. И. Фетисов тарабынан негизделип, 128,34 га аянтты түзгөн токойчонун  80,0 га аянтында реконструкциялоо иштери  жүрүп жатканыдыгын кошумчалап кетүү зарыл. Бардык иштер 30 миллиондон ашык  сумманы түзмөкчү.