Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Балалык – бул адамдын өмүрүнүн эң сыйкырдуу, эң бактылуу жана эң сүйүктүү  мезгили десем туура болор. Эң кубанычтуу жана түйшүксүз учур.

Бала сүйүүнүн, жылуу мамиленин жана ата-эненин камкордугунун кучагында өсүүсү маанилүү.

Бул майрам күнү балдарына мээримин төгүп, тарбиялап жаткан ата-энелерге, чоң ата, чоң энелерге, педагогдорго терең ыраазычылык билдиргим келет.

Бардык балдарга бактылуу балалык каалайм! Жүзүңөрдөн кубаныч кетпей, каалаган максатыңар орундалсын. Дениңер сак болуп, бактылуу болгула! Жайкы эс алуу көңүлдүү өтсүн!

Майрамыңар менен!

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев.