Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

162 батирдүү үйдүн ээлерине  ачкычтарды Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана Бишкек шаарынын мэри  Албек Ибраимов тапшырды.

Үлүштүк курулуш принциби боюнча көп кабаттуу үйдүн курулушу 2015-жылы башталган. 162 батирдин 135-бир комнаталуу, калган 27си эки жана үч комнаталуу батирлер.Курулуштун сметалык наркы – 172 825, 502 миң сом: объекттин курулушунун орточо наркы 1чарчы метр үчүн -21 650,0 сом (316 АКШ доллары).

Жертөлөө кабатында китепкана, Октябрь районунун чыгармачыл балдар борбору жана №6 МАБ башкармалыгы, курулуш-монтаждоо иштери аягына чейин жасалды.

Жаңы үй ээлерине Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев төмөнкү сөз менен кайрылды: Бүгүн биз жаңы бүткөн 162 батирдин ачкычын тапшырып жатып, 162 үй бүлө үчүн жашоого жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын, бул Шаар күнүнө карата сиздерге да , бизге да эң мыкта белек экендигин белгиледи.

Бүгүнкү иш-чара үлүштүк курулуш программасынын аркасында ишке ашты. Үлүштүк курулуш принциби боюнча көп кабаттуу үй курулду. Бул 2008-жылдан тартып 12-үй.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бул кичирайондо 21 000 адам жашаарын белгилеп, жакынкы убакта бала бакчанын курулушу башталаарын айтты.

Меймандар жаңы үй ээлеринин батирлерине киришти жана китепкананын жана балдар чыгармачылык борборунун иши менен таанышты.

2008-жылдан тартып азыркы убакка чейин бул программанын алкагында жалпы саны 870 батир жана 30 000,0 чарчы метрден ашык жалпы аянты менен 12 көп кабаттуу турак үй курулуп, эксплуатацияга берилди.