Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Борбордо Бишкек шаардык кеңеш тарабынан демилгеленген шахмат боюнча шаардык кубок болуп өттү. Турнир борбордун 140 жылдыгына арналды.

Саламдашуу сөзү менен шахмат турниринин катышуучуларына Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев  чыгып сүйлөдү. Шаардык кеңештин төрагасы  үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде боло турган Бишкек шаарынын күнү менен бардыгын куттуктады жана  интеллектуалдык оюндун муундарына мелдештен жаңы таасирленүүлөрдү каалады.

“Экинчи жолу өткөрүлүп жаткан азыркы турнир биздин шаарда эң мыкты шахматтык салттар  сакталып гана эмес, ийгиликтүү кайра пайда болуулар болуп жаткандыгынын күбөсү экендигин жана жыл сайын көптөгөн катышуучуларды өзүнө тартып жатат. Турнир шаардык жашоодо эң башкы окуя болуп калат” – деп айтты Алмаз Кененбаев.

Мелдештерде шаардык кеңештин депутаттары, мениципалдык, мамлекеттик кызматтардын кызматчылары жана шахмат спортунун сүйүүчүлөрү катышты.

Иш-чарада 120 адам катышты.

Шахмат боюнча шаардык турнир тез ойнолуучу шахмат эрежеси боюнча: оюнга 10 мүнөт +30 секунд берилди.

Мелдештин максаты – бул шахмат оюунуна кызыгууну арттыруу, дени сак жашоону агитациялоо жана пропагандалоо.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр Кубоктор, дипломдор жана кызыктыруучу байгелер менен сыйланышты.

Бул турнирдин өнөктөшү болуп КР шахмат федерациясы, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу шахмат боюнча балдар-өспүрүм спорт мектеби, Fofingo  спорттук ишканасы болушту.