Бишкек шаарынын 140 жылдыгын майрамдоонун алкагында 11-класстын окуучуларынын арасында “Мекен-чеги” райондук спартакиадасы аяктады.
Спартакиадада борбордун Ленин районунун 13 мектеби катышты.Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин 73809 - аскер бөлүгүнүн базасында (Жетиген айылы) мектеп окуучуларынын командалары спорттун аскердик -прикладдык түрү боюнча эң күчтүү команда наамына өз ара меледешти.
Бишкек шаардык кеңештин депутаты - Русланбек Жакышев өсүп келе жаткан муундун патриоттук, жарандык, рухий-адеп ахлактуу тарбиясын жакшыртуу максатында, бул иш-чара жыл сайын өтүп жаткандыгын жана окуучулардын жеке жана атайын даярдыгынын деңгээлин аныктаарын белгиледи.