Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Ишчарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рыскелди Момбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев, өлкөнүн Премьер-министри Сапар Исаков, “КСДПнын” төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов, Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, депутаты Русланбек Жакышев, борбор калаа мэри Албек Ибраимов, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Ишчараны өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоону окуп берген Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев ачты.Андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Джумабеков сөз сүйлөп, улуттук революциянын мааниси жөнүндө токтолду. Кыргызстандын парламенти апрель революциясына байланышкан эки мыйзам кабыл алган. Сөзүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы “биз баатырларыбызды дайым эсибизде сактап, урматыбызды билдирип турушубуз керек” деген ойго басым жасады.Ишчаранын алкагында өлкөнүн Премьер-министри Сапар Исаков, “КСДПнын” төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рыскелди Момбеков сөз сүйлөштү.