Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин депутаты - Жаныбек Абиров борборду көрктөндүрүүнүн бир айлыгынын алкагында шаардын активисттери менен бирдикте  Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында ишембилик уюштурду.

Ишембилик “эски аэропорт” районунда башталды. Депутаттын планы боюнча  үч ай ичинде 80 үйдүн аймагы камтылат.

Биргелешкен күч менен  турак үйлөрдүн фасаддарын сырдоо, аймакты жыйноо, бактарды актоо жана таштандыларды ташып чыгаруу боюнча иштер жасалды.

Бул сыяктуу иш-чаралар Бишкек шаарынын Ленин районунун “Джал” кичирайонунда өткөн жылы да өткөрүлгөн.

Мындан тышкары, депутат - Жаныбек Абировдун пландарында “эски аэропорт” районунда балдар аянтчаларын орнотуу менен кичи эс алуу зоналарын уюштуруу, жанаша жаткан аймакты жашылдандыруу бар.