Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин депутаты - Жаныбек Абиров “Джал” округунун шайлоочулары менен кезектеги жолугушууну өткөрдү. 

Ал Ленин районунун активи менен жолугушту. Депутат көчмө кабыл алууну  дайыма өткөрөт.

Жолугушуу ачык жана пайдалуу өттү. Депутатка шайлоочулар райондун көчөлөрүн ирээтке келтирүү, көрктөндүрүү, тышкы жарыктандыруу, квартал ичиндеги жолдорду ремонттоо, ирригация сыяктуу маселелер боюнча кайрылышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жаныбек Абиров жашоочуларды Ленин районунда жүргүзүлүүчү иштер жөнүндө маалымдады. Шайлоочулардын ар бир  кайрылуусу депутаттын контролуна алынаарын айтты.

Шайлоочулар кам көрүп көңүл бургандыгы үчүн депутатка ыраазычылыктарын билдиришти.