Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев дүйнө чемпиону, Эл аралык гроссмейстер, Мамлекеттик Думанын депутаты Анатолий Карпов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаардык кеңештин төрагасы жогорку мейманды борбор калаа парламентинин иши жана структурасы жөнүндө маалымдады. Алмаз Кененбаев Кыргызстандын борбор шаарынын 140 жылдыгына карата пландалып жаткан шахмат боюнча шаардык турнир боюнча айтып берди.

Анатолий Карпов өз кезегинде өзүнүн парламенттик иши жөнүндө маалымат берди.

Жолугушуу шахмат ойноо менен аяктады.