Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңеште Юрий Паламарчук башында турган “Улут аралык кызматташуу боюнча кеңеш” регионалдык коомдук уюмунун өкүлдөрү шаардык кеңештин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушууга Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, төраганын орун басары Эмил Сыдыков, “КСДП” фракциясынын лидери Эрмек Усубалиев, регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Адиса Имангазиева жана депутат Валентина Лисниченко катышты.

Бул “КСДП” фракциясынын чакыруусу боюнча аталган делегациянын биздин мамлекетке келген биринчи сапары болуп эсептелет.

Меймандарды тосуп жатып Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев делегация мүчөлөрүн Владимир Путиндин Россия Федерациясынын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. “Сиздердин визит “Достук кербени, Жибек жолундагы жашоо жолу” долбоорун ишке ашырууга байланыштуу. Бул долбоордун евразиялык мейкиндикте ишке ашырылышы маанилүү жана актуалдуу. Кыргызстанда эле 90 улуттун калкы, ар кандай конфессия жана диндин өкүлдөрү жашайт. Биздин негизги максат – коомдо биринчи ирет бийлик менен жарандык институттардын жана коомдук уюмдардын ортосундагы конструктивдүү диалогду жана туруктуу кызматташууну камсыздоо менен жетишилген ынтымакты сактоо”-деди ал.

Өз кезегинде “Улут аралык кызматташуу боюнча кеңеш” регионалдык коомдук уюмдун президенти Юрий Паламарчук: уюмдун милдети – бул салттуу руханий байлыкка жана тарыхы        й түптөлгөн маданий салттарга таянуу менен евразиялык мейкиндикте улут аралык жана конфессия аралык кызматташууну өнүктүрүүдөгү жалпы маселелерди ишке ашыруу максатындагы элдик дипломатия жана тынчтыкты камсыздоо демилгеси экендигин белгиледи.