Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, орун басары Эмил Сыдыков жана депутат Алмазбек Уланов согуш ардагери Асек Урманбетов менен жолугушту.

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары эмгеги сиңген ардагерди мааракеси менен куттукташып, ага бекем ден соолук, узун өмүр каалап, активдүү жарандык позициясы үчүн ыраазычылык билдиришти. Асек ата быйыл               95 жашка толду. Жашына карабай, аксакал чыйрак жана активдүү. Өзүнүн болгон күчүн, билимин жана бай тажрыйбасын шаардын маанилүү көйгөйлөрүн чечүүгө жумшоодо.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаардык кеңештин башчысы Асек атанын өмүрү – эмгекти сүйүүнүн, түгөнгүс чыгармачыл энергиянын жана алдыга койгон максатка жетүүдөгү өжөрлүктүн символу экендигин белгиледи. “ Сиз бүгүнкү күнгө чейин жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого зор салым кошуп, аз камсыз болгодорго, анын ичинде майыптарга, балдарга, социалдык жана билим берүү мекемелерине өз эсебиңизден социалдык жактан колдоо корсөтүп келесиз,”-деди Алмаз Кененбаев. Ошондой эле маек учурунда Асек Урманбетов өзүнүн пландары менен бөлүшүп, шаардык кеңештин депутаттарына көңүл бургандыгы жана колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн ыраазычылык билдирди.