Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 6-мартта Бишкек шаардык кеңештин президиумунун жыйыны болуп өттү. Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңештин спикери, төраганын орун басары, фракция  лидерлери жана туруктуу  комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаарынын мэри, вице-мэрлер  катышты.

Жыйындын жүрүшүндө президиум мүчөлөрү Бишкек шаардык кеңештин кезектеги XIV сессиясынын күн тартибинин долбоорун түзүштү, ошондой эле сессияны өткөрүү датасы  19-мартка  белгиленди.

Бишкек шаардык кеңештин кезектеги XIV сессиясынын күн тартибинин долбооруна 4 маселе, анын ичинде Бшкек шаарынын 2018-жылга бюджетин жана 2019-2020-жылдага болжолун бекитүү кирди.