Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 6-мартта Бишкек шаардык кеңеште депутаттык корпустун Эл аралык полициялык  ассоциациянын аткаруу комитетинин мүчөлөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Делегацияны эл аралык президент Пьер Мартен Мулен жетектеп келди. Делегациянын курамына Израиль, Швеция, Россия, Казахстан, Австрия жана Швейцариянын өкүлдөрү кирген.

Жолугушуу  Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаевдин, фракция лидерлери Эрмек Усубалиевдин, Асылбек Кадралиевдин, туруктуу комиссиялардын төрагалары Адиса Имангазиеванын жана Асылбек Акылбековдун катышуусунда өттү.

Жогорку деңгээлдеги меймандар менен учурашып, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы: “Бүгүн тарыхыбызда  жаңы барак ачылып жатат. Биздин өлкөнүн өкүлдөрү ынтымактуу полициялык биртуугандыктын үй-бүлөсү  –  Европол менен тыгыз байланыштагы БУУда, ЮНЕСКОдо, Европалык Кеңеште жана Америка мамлекеттеринин Уюмунда абройлуу бейөкмөт уюм болгон Эл аралык полициялык ассоциацияга кошулат.

Эл аралык полициялык ассоциациянын кыргыз секциясынын түптөлүшүнө жана өнүгүүсүнө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярбыз жана ал полициялык коомдоштуктардын өкүлдөрү болгон Сиздердин уюмдун жетимиш мүчө-мамлекеттеринин арасында татыктуу орунду ээлейт деп үмүттөнөбүз”-деди.

Эл аралык полициялык ассоциация 1950-жылдын 1-январында Великобританияда түзүлгөн.

1977-жылдын 25-июлунан тартып Еврапа Кеңешинде консультативдик өкүлчүлүк статусуна ээ, 1995-жылдын 26-июлунан тартып – Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык бейөкмөт уюмдарынын катарына кирген.

2016-жылдын 1-июнуна карата ассоциацияда дүйнөнүн  68 өлкөсүнөн 400 миң полиция жана ардагер полиция бар.