Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевди эскерүү кечеси болуп өттү.

Быйыл ал 69 жашка толмок.

Чолпонбек Базарбаевди эскерүүгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Бишкек шаардык кеңештин спикери, маданият жана искусствонун көрүнүктүү ишмерлери жана Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык училищесинин студенттери келди.

“Бүгүн биз сахнасында СССРдин эл артисти, улуу бийчи, таланттуу актер жана адамдык пейили кенен инсан Чолпонбек Базарбаев өнөрүн көргөзүп келген опера жана балет театрында чогулуп отурабыз. Ал адамкерчилик, жупунулук, жоопкерчилик, чынчылдык жана ачыктык өндүү бийик сапаттарга ээ адам эле. Анын турмуштук жана чыгармачыл бай тажрыйбасы акылы жана таланты төп келип турчу. Чыгармачылык жолунда Чолпонбек Базарбаев күйөрмандары жана кесиптештеринин арасында бийик абройго ээ болуп, алдыга койгон пландарын ишке ийгиликтүү ашырып келген. Анын таланты өзгөчө жана уникалдуу,”-деп белгилеп өттү Алмаз Кененбаев.