Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин ТЖКЧ жана ОЭК, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын отуруму болду.

Туруктуу комиссиянын ишине шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Бишкек шаарынын вице-мэрлери катышты.

Депутаттар жүргүнчүлөр трнаспортун жөнгө салуу, Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы техникалык шарттарды берүү жана суу түтүктү жана канализацияны инженердик тармактарга кошуу боюнча маселелерди карашты.

Күндүн экинчи жарымында Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отуруму болду. Комиссиянын мүчөлөрү тийиштүү уюмдардын билим берүү жана саламаттык сактоо муниципалдык мекемелеринин жер участокторго  укугун белгилөөчү документтерин берүү боюнча, билим берүү уюмдарынын инженердик коммуникацияларын тейлөөнү өткөрүп берүү боюнча маалыматын, ошондой эле борбордогу абанын булгануусу, газ менен булгануусу жаатындагы экологиялык абал боюнча маселени угушту.