Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2018-жылдын 27-февралынан тартып 1-мартына чейин Башкортостандын борбор калаасында “ЭЧЖК-Экспо” көргөзмө комплексинин аянтчасында “Уфанын инновациялык потенциалы” атайын көргөзмөсүн өткөрүүнү дагы камтыган Россия өнөр жай форуму өткөрүлмөкчү.

Россия өнөр жай форуму жаңы типтеги экономиканы калыптандыруунун, инновациялык тутумдун түптөлүшү жана кичи жана орто ишкердүүлүктүн субъектилеринин өндүрүш сектору менен өз ара таасирдүү аракеттенүүсүнүн актуалдуу темаларын талкулоо үчүн салттуу аянтча болмокчу.

Россиялык форум  алыскы жана жакынкы чет өлкөнүн 120дан ашуун компаниясын чогулткан, өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы аймактык долбоор болуп саналат.

Ушуга байланыштуу Бишкек шаардык кеңешке Уфа шаарынын шаардык округунун администрациясынан “ЭЧЖК-Экспо” аянтчасына Бишкектин өнөр жай ишканаларынын индивидуалдуу же жамааттык экспозицияларын уюштуруу жана жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуш келип түштү.

Форумдун жана көргөзмөнүн ишине Россиянын жана Башкортостан Республикасынын мамлекеттик бийлигинин федералдык жана регионалдык органдарынын, ири өнөр жай концерндеринин жана корпорацияларынын, топ-менеджмент банктарынын, насыя уюмдарынын жана камсыздандыруу компанияларынын жетекчилери катышат.

Программанын өзөктүү окуясы болуп “Россия өнөр жайынын өнүгүгүүсүнө дем берүүчү жана токтотуучу факторлор” аттуу  пленардык жыйын болмокчу.

Коноктор жана форумдун катышуучулары  үчүн актуалдуу темалар боюнча 20 секциянын иши уюштурулат, алардын ичинде – өнөр жай өндүрүшүн автоматташтыруу жана санариптөө, ресурстук камсыздоо жана инвестициялар, аддитивдик технологиялар жана келечектин өнөр жайы.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары болгон Башкортостан Республикасынын Өкмөтү, Башкортостан Республикасынын өнөр жай жана инновациялык саясат министрлиги, Уфа шаарынын шаардык округунун администрациясы көргөзмө тажрыйба алмашуу үчүн таасирдүү аянтча болуп, өз ара пайдалуу контакттарды түзүүгө жана аймактар аралык байланыштарды кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт деп эсептешет.