Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу бишкектиктер!

Сиздерди кирип келе жаткан 2018-жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!

Биз сиздер менен ар бирибизге жаңы нерсе – жаңы жеңиштерди, кубанычты, жолугушууларды жана ачылыштарды алып келген дагы бир жыл менен кош айтышып жатабыз. Мен Бишкектин тургундарын түшүнүүңүздөр, ишенимиңиздер жана шаардын жашоосуна активдүү катышууңуздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз алдыга койгон бийик максаттарга сиздер менен бирге гана жете алабыз.

Биз жаңы жылдын босогосунда турабыз. Ал кандай болоору – көбүнесе өзүбүздөн көз каранды. Өзүбүздүн күчүбүзгө болгон ишеним, жоопкерчилик жана демилгелүүлүк биздин пландарыбыздын аткарылышына жардам берип, жашообузду кызыктуу кыла алаарына мен ишенем.

Жаңы жыл жакшынакай үй-бүлөлүк майрам. Бишкегибиздин бардык тургундарынын үйлөрүнө жылуулук жана жайлуулук, жүрөктөрүнө кубаныч жана сүйүү, ошондой эле жакындары менен түшүнүшүүнү каалайм!

Бири-бириңиздерге аяр мамиле кылып, сүйүү жана камкурдук тартуулаңыздар. Жаңы жылда бардыгыңыздарга: ден-соолук, тынчтык, жаңы ийгилиектерди жана жеңиштерди, ошондой эле көп жакшылык каалайм!