Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Кыргызстандын энергетиктери кесиптик майрамын белгилеп жатышат.

Буга байланыштуу Бишкек шаардык кеңеш Бишкек мэриясы менен биргеликте мыкты иши менен айырмаланган шаардын энергетиктерин куттукташты.

Борбор калаа парламентинин спикери аталган тармактын маанисин белгилеп өттү.

“Энергетика тармагы эң маанилүү жана татаал тармактардын бири. Энергетиктердин күнүмдүк эмгегинен өнөр жай ишканаларынын жана айыл чарбасынын, ТЖКЧ уюмдарынын жана социалдык чөйрөнүн объекттеринин иши көз каранды.  Сиздердин билимиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр, иштин жогорку натыйжалуулугуна жетүүгө болгон аракетиңиздер өндүрүштүк маселелердин ийгиликтүү чечилишин шарттайт. Жылдын кайсы мезгили, кандай аба ырайы жана кандай шарт болбосун, сиздер шаарыбыздын тургундарынын жашоосунун жайлуулугун жана ыңгайын камсыздоодо ыкчам жана ырааттуу кызмат кылууга даяр турасыздар”,-деди Алмаз Кененбаев