Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин кезексиз 12-сессиясына “Бишкек шаарынын мэриясынын мцниципалдык баалуу кагаздарын чыгаруу боюнча эмиссиянын шарттарын бекитүү жөнүндө” маселеси алынып чыкты.

Маалымат менен Бишкек шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри Ренат Макенов тааныштырды. Ал муниципалдык баалуу кагаздардын эмитенти болуп мэрия чыгаарын айтты. Баалуу кагаздардын түрү –өлчөнгөн купондук кирешеси жана карызды  амортизациялоосу бар документсиз баалуу кагаздар формасындагы муниципалдык  купондук облигациялар. Бир облигациянын номиналдык наркы – 10 000 сом. Облигациялардын жалпы саны – 350 000 даана. Облигациялардын эмиссиясынын жалпы көлөмү – номиналдык нарк боюнча 3 500 000 000 сом.