Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев улуттук коопсуздук органдарынын бир катар кызматкерине кынтыксыз кызматы үчүн борбор калаа парламентинин сыйлыктарын тапшырды.

Борбор калаа парламентинин спикери чекисттерди кесиптик майрамы жана уюшулгандыгынын 99 жылдыгы менен куттуктады.

“Сиздер уюшкан кылмыштуулук, коррупция, терроризм, экстремизм жана улутчулдук менен болгон күрөштө алдыңкы катарда туруп, баңгизат жана курал-жарактарды мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу менен, конституциялык курулушту жана өлкөнүн бүтүндүгүн коргойсуздар. Алдыга коюлган маселелерди ишке ашырууда сиздерден терең билим гана эмес, бекем эрк жана чыдамкайлык талап кылынат.

Сиздердин оор жана жооптуу ишиңиздер дайым Бишкек шаарында бейпил жана коопсуз жашоо үчүн багытталаарына ишенем!”-деди Алмаз Кененбаев.