Бишкекте аталган номинацияларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Бул ишчара “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын демилгеси менен уюштурулуп, ар кыл багытта эмгектенген мыкты педагогдордун эмгегин белгилөө максатын көздөйт.
Салтанат ар жылы өткөрүлөт жана быйыл 4-жолу өткөрүлүп жаткандыгын белгилөө зарыл. Быйылкы жылдын номинанттарынын бири – Максим Галкиндин “Лучше всех” шоусунун катышуучусу Албан-Али Алим уулу болду.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев Албанга “Эң мыкты ата-энелер” номинациясын, энциклопедия жана таттуу белек тапшырды.
“Жаш туруп жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө ушунчалык билгениң – сенин билимге болгон умтулууң, кызыгууң жана мыкты эс тутумуң жөнүндө айтып турат. Шоудагы стартың сени келечек жеңиштериңе алып келсин!”-деди борбордун паламентинин спикери.