Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов кесиптеши Алмаз Кененбаевди Бишкек шаардык кеңештин төрагалыгына шайланышы менен куттуктады.
Куттуктоодо мындай деп айтылат: “Сиз Бишкек шаардык кеңештин депутаты катары өзүнүздүн активдүү эмгегиңиз менен элиңизге кызмат кылып, Бишкек шаарынын өнүгүп-өсүшүнө баа жеткис салым кошуп келесиз. Сиздин бул ак эмгегиңиз жана борбор калааны өнүктүрүүгө болгон зор умтулууңуз үчүн сизди кайрадан борбордун парламентинин төрагалыгына шайлашты.”