Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкекте Совет доорунун мамлекеттик жана партиялык ишмери Ахматбек Сүйүнбаевге арналган реквием-митинги болуп өттү.

Митингге Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Эмил Сыдыков, Биринчи май районунун башчысы Токтосун Султанов, Бишкек шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Эсенаман Тойгонбаев, коомчулук өкүлдөрү жана туугандары катышты.

Ахматбек Сүйүнбаевди эскерип митингдин катышуучулары анын обелискине гүл коюшту. Митингде чыгып сүйлөгөндөр Ахматбек Сүйүнбаевдин өмүр жолу элге, Ата Мекенге кызмат кылуунун жогорку үлгүсү экенин белгилеп жатышты.Ал СССРдин Жогорку Советине 4 жолу депутат болуп шайланган, мамлекет алдындагы өзгөчө эмгектери үчүн бийик сыйлыктарга татыган.

“Ахматбек Сүйүнбаев – күжүрмөндөр муунунун эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болуп саналат. Кайсы кызматты аркалабасын, ал чын дили менен ак ниетинен иштеп, мамлекеттин өнүгүүсүнө, элдин жашоосунун жакшыруусуна зор салым кошуп келген. Ал мамлекеттин кызыкчылыгын дайым жеке кызыкчылыгынан жогору койгон. Чынчыл, калыс жана эң маданияттуу адам болгон”-деди өз сөзүндө Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Эмил Сыдыков.