Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Москва шаардык Думасынын төрагасы Алексей Шапошников Бишкек шаардык кеңештин жаңы шайланган төрагасы Алмаз Кененбаевди шаардык парламенттин спикерлигине шайлангандыгы менен куттуктады.

Телеграмманын текстинде төмөнкүлөр айтылган: “Сиздин иш тажрыйбаңыз, кесиптик жана жеке сапаттарыңыз мындан ары дагы тайманбаган пландарды жана башталыштарды ишке ашырууга жардам берсин. Москва менен Бишкектин ортосундагы өз ара конструктивдүү кызматташуу уланарына ишенем. Биздин шаарларыбыздын ортосундагы жемиштүү мамилелердин эки борбордун жашоочуларынын келечеги үчүн мындан ары дагы  активдүү өнгүшүнө үмүттөнөм.”