Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарынын ИИБсынын штабынын начальниги Сыймык Жакыпов башкармалыктын 2016-жылда аткарган иши боюнча Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына маалымат берди.

Ага ылайык, бул убакыт ичинде шаардын аймагында милиция тарабынан ар түрдүү 436 ишчара өткөрүлгөн, анын 78-мамлекеттик деңгээлдеги, 11-диний мүнөздөгү,  99-спорттук-маданий ишчара, 31-эл аралык мүнөздөгү расмий жолугушуулар жана 217-башка түрдүү  ишчаралар.

 

Өткөн жылы Бишкек шаарында 269 митинг катталган, анын 166-социалдык-экономикалык, 103-саясий мүнөздү ээлеп,  273-резонанстуу болгон.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, 2016-жыл ичинде Кыргызстандын борборунда 9396 кылмыш жасалган. 2015-жылы – 10009 кылмыш жасалган. Ошентип, 2016-жылы жасалган кылмыштардын саны 613кө кыскарган. Жалпысынан алганда, Бишкек шаарында 2016-жылы жасалган кылмыштардын саны республика боюнча жасалган кылмыштын толук санынын 38,4% түзөт.

Бишкек шаарынын ИИБсынын статистикалык маалыматына караганда кылмыштардын көпчүлүк бөлүгүн чоочун мүлктү  уурдоо түзөт. Андан сырткары көп кездешкен - алдамчылык бардык кылмыштын 28% түздү.

Туруктуу комиссиянын отурумун жыйынтыктап жатып, депутат Лев Васильев, кылмыштардын саны борбордо региондорго салыштырмалуу жогору экендигин, укук коргоо органдары өз ишине баа берип, аягына чыгара иштеши керектигин айтып, анализ канчалык дыкат жасалса, натыйжа ошончолук таасирдүү болоорун белгилеп өттү.