Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында шаардык парламенттин кезектеги сессиясына киргизилүүчү маселелер каралууда.

Жыйындын ишине туруктуу комиссиянын мүчөлөрү, Бишкек шаарынын вице-мэрлери жана мэриянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышууда.

 

Социалдык маселелерди тейлеген вице-мэр Айгуль Рыскулова  “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор кандай максатта киргизилип жаткандыгы тууралуу депутаттарга маалымдады. Вице-мэрдин айтымында, өзгөрүүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү катуу отун менен камсыздоо жаатында болмокчу. Мэрия таш көмүргө монетизациялоону киргизүүнү сунуштоодо. Бул муктаждыктарга шаардын бюджетинен жыл сайын 20 млн. сом бөлүнөт.

 

Мындан тышкары, бардык үй-бүлөлөргө бала туулгандан үч жашка чыкканга чейин жөлөкпул берүүнү караган жаңы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулдары жөнүндө” мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу – кош бойлуу студенттерге квартал сайын берилүүчү стипендияны алып салуу сунушу киргизилүүдө.

 

Ошондой эле, даректүүлүк негизди чыңдоо максатта эки, үч жана андан көп бала төрөлгөн учурда бир жолку материалдык жардам Бишкек шаарында беш жылдык туруктуу каттоонун негизинде берилмекчи.