Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын Бишкек шаарынын ИИББсына анын иши жөнүндө маселе боюнча көчмө кеңешмеси болду.
Туруктуу комиссиянын ишине комиссиянын төмөнкүлөр катышты: комиссиянын төрагасы - Адиса Имангазиева, комиссиянын мүчөлөрү- Рысбай Аматов, Асылбек Кадралиев, Улан Абдыкадыров жана Эрмек Усубалиев.
Жолугушуунун жүрүшүндө ИИББнын начальниги - Сталбек Рахманов бүгүнкү күнгө Бишкек шаарындагы коопсуздук боюнча абал жөнүндө маалымдады жана ИИББнын ишиндеги көйгөйлүү маселелерге көңүл бурду. Тактап айтканда, келип түшкөн чалуулардын абдан көптүгүнө байланыштуу, “102 Кызматын” кеңейтүү зарылчылыгы жөнүндө.
ИИББнын начальнигинин сөзү боюнча шаардыктардан “102 Кызматына” күнүгө 2000ден 3500го чейин чалуулар болот. Бардык оперативдүү маалыматтар жана чалуулар “102 Кызматына” түшөт” - деп белгиледи Сталбек Рахманов.
Талкуу убагында Патрулдук милиция башкармалыгынын начальниги - Талант Барпиев кылмыштуулукка шектелгендерге тез чара көрүү жана кармоо үчүн техникалык жабдууну жакшыртуу зарылчылыгы жөнүндө белгиледи.