Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкекте биринчи эл аралык жарым марафон башталды. Иш-чаранын уюштуруучулары “Эл аралык марафон дирекциясы”, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттиги, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы болушту. Жарым  марафон  “Арча-Бешик” конушунда жайгашкан  “Газпром” дене тарбия -ден соолукту чыңдоо комплексинде башталды.  3, 10 жана 21  километр аралыкка чуркоолор болду.

Жарым марафонго дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн профессионалдуу спортчулар жана чуркаганды сүйүүчүлөр катышты.

Бул спорттук иш-чарага Бишкек шаардык кеңештин депутаты Адиса Имангазиева катышты. Шаардык кеңештин депутаты  таймаштын  катышуучуларына төмөнкүдөй куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү:

“Бул иш-чара спортту чын дилинен сүйгөн адамдарды бириктирди. Сиздерге келечекте бул жакшы салт болуп калуусун  жана Кыргызстанда гана эмес, өлкөнүн чегинен сырткары да кеңири колдоо табуусун каалайм. Бүгүнкү спорттук иш-чаранын башкы максаты – бул  дени сак жашоону пропагандалоо,  калкты  дене тарбия жана спорт менен дайыма алектенүүгө тартуу; эл аралык достук спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, Кыргызстандын күчтүү марафончуларын табуу жана биздин сүйүктүү шаарыбыз - Бишкекти өнүккөн инфраструктурасы менен ушундай масштабдуу, массалык иш-чара өткөрүүгө мүмкүн болгон заманбап мегаполис катары анча-мынча түшүнүк берүү.

Старт берүү менен Бишкек дагы бир жолу, биздин шаар, маданий аралык диалогду колдоо менен, интеграциялык процесстер үчүн көпүрө түзүп, элдердин биригүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөөрүн бекемдеп жатат.

Марафондун бардык катышуучуларына чыдамкайлыкты жана ийгиликтүү жыйынтыкты каалайм”.