Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын, төраганын орун басарынын, фракция лидерлеринин, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын, Бишкек шаарынын мээринин, вице-мэрлердин катышуусу менен Бишкек шаардык кеңештин президиумунун отуруму болду.
Бишкек шаардык кеңештин президиумунун отурумунда Бишкек шаардык кеңештин кезектеги Х сессиясынын күн тартибинин долбоору бекитилди.
Талкуунун натыйжасында, сессиянын күн тартибинин долбоору 15 маселеден түзүлдү.
Мындан тышкары, Президиумдун мүчөлөрү Бишкек шаардык кеңештин кезектеги Х сессиясын өткөрүү датасын - 28-ноябрга белгилешти.