Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук  маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны болуп өттү.

Комиссиянын жыйынында Чүй проспектинде жайгашкан  «Миң түркүн” үйүнүн тургундарынын  “Экспресс-Строй” жана “Кербен” жоопкерчилиги чектелген коомдору тарабынан башталып жаткан мыйзамсыз курулуштар боюнча маселе каралып чыкты.

Аталган үйдүн тургундары нын “Эспресс-Строй” ЖЧКсы менен болгон беш жыл бою созулган соттук териштирүүнү жеңип алганына 10 ай толгон. Бул курулуш компаниясы колунда уруксат документтери жок туруп, үйдүн жанына котлован  казган. Жыйынтыгында тургундар котлованды көмүп салууну суранышууда.

Үйдүн тургундары  учурда көп кабаттуу үйгө кошумча курулманы салып, аны менен негизги дубалдарга зыян келтирип жаткан “Кербен” жоопкерчилиги чектелген коомго өзгөчө чара көрүүнү суранышууда.

Жыйындын жүрүшүндө вице-мэр Бакыт Дюшембиев борбор калаа муниципалитетинин көз карашын билдирди: “Мэриянын позициясы бардык соттук инстанцияларында билдирилгендей үй  тургундарыныкы менен бирдей. Бүгүнкү күндө котлованды көмүү иши пландалды,”-дейт вице-мэр.