Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Абиров №164 бала бакчасынын аймагында жеке каражатынын эсебинен кичи футбол талаасын куруп берди.

Бул бакчада таяныч-кыймылдоо системасында мүчүлүштүгү бар балдар тарбияланат. Бишкек шаардык кеңештин депутатынын ою боюнча бул футбол талаасы спортту өнүктүрүүчү аянтча болуп калмакчы, себеби бул бакчанын тарбиялануучуларына дайым дене тарбия менен машыгуу зарыл.  Спорт менен машыгуу алардын ден соолугун чыңдоого, ооруларынын алдын алууга  жардам берет.

Бул – депутат  Жаныбек Абировдун меценаттык биринчи долбоору эмес экендигин белгилеп кетүү зарыл.