Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

№58 жалпы билим берүүчү орто мектептин администрациясы  жана окуучуларынын ата-энелери Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Абировго мектепке алып баруучу тротуарды оңдоп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Самойленко көчөсүнүн тротуарлары жоктугуна байланыштуу балдар жана чоңдор автомашина жүрүүчү жол менен өтүүгө мажбур болуп, ал алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратып келген.

Азыр Самойленко көчөсүнө  жөө адамдардын кыймылына ылайыкталган тротуар төшөлгөн. Тротуардын туурасы – 1,20 метр, ал эми узундугу 80 метрди түзөт. Тротуар депутат Жаныбек Абировдун жеке каражатына салынды.