Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында белгилүү актер жана СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышы болуп  өттү.

Салтанаттуу ишчарага премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько жана башкалар катышты.

Сүймөнкул Чокморов өзү менен кыргыз кинематографында толук бир доорду чагылдырат. Өзүнө койгон катуу талаптары кесибине болгон өтө аяр мамилесинен кабар берет. Актер ар бир аткарган жаңы ролу менен улуттук колоритке сиңген актердук чеберчилигин өркүндөткөн.   Өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин кыргыз искусствосуна кызмат кылып,  анын аркасы менен дүйнөгө таанымал  “кыргыз сыйкыры” түшүнүгү жаралган.

3 метр бийиктиктеги жана 600 кг салмактагы монумент Россиянын уралдык чеберлеринин колунан жаралган.