Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Академик, искусство таануучу Дмитрий Лихачев -“Маданият – бул элдин, улуттун эң кымбат нерсеси” –деп айткан.

Биздин көпчүлүгүбүз үчүн бул кесип эмес, бул шык, арналган милдет жана өзүнүн мааниси боюнча жогорку миссия. Маданият кызматкерлери анын эң мыкты салттарын сактап өнүктүрүшөт,  кыргыз маданияты дайыма толтурулган, ошол рухий күчтөрдү көбөйтүшөт, коомдун түзүлүүсүнө таасир этишет, маданият үчүн жаңы заманбап мейкиндик түзүшөт. Мындай иш майданында бардык эле адам иштей албайт, бул жерде талант, теманы терең түшүнүү, туюп билүү жана өзгөчө чыгармачылык жөндөм талап кылынат.

“Маданият” - деген  сөздүн өзү –“иштетүү” дегенди түшүндүрөт жана бул өзүнө жаратуу, өнүгүү, билим берүү сыяктуу түшүнүктөрдү камтыйт жана биздин коомдо агартуунун, гуманизмдин, чыгармачылыктын жана мекенчилдиктин баалуулуктарын бекемдөө менен сиз бул жогорку милдетти так аткарасыз. Сиз маданият чөйрөсүнүн сапаттуу өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, ошону менен миллиондогон биздин жарандардын  жашоо образын, дүйнөгө көз карашын, таанусун түзүүгө, өзгөчө өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого чоң таасир этесиз.

         Силердин эмгегиңер, талантыңар жана чеберчилигиңер, талыкпаган чыгармачылыгыңар жана кесипке чын дилден берилгениңер үчүн ыраазычылык билдирем. Бул күн жөн эле кесиптик майрам эмес, бул силердин эмгегиңерди таануу, белгилөө.

Сиздерге чын ден-соолук, жаңы чыгармачылык ийгиликтерди, жакындарыңарга бакыт-таалай, жакшылыктарды каалайм!