Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн  Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаарынын прокурору Абдибакыт Халмурзаев жана башкалар кызматтык милдетин аткарууда курман болгон ИИББдин кызматкерлерине тургузулган эстеликке гүл коюшту.

Калаа парламентинин башчысы салтанаттуу жагдайда шаардын ички иштер органдарынын кызматкерлерин куттуктап, укук коргоочулардын ак ниет кызматын белгиледи.

Өзүнүн кайрылуусунда Канатбек Музуралиев: “Сиздер күн-түнү тартип сакчылыгында туруп, жарандардын укуктарын жана коомдун коопсуздугун коргоп келесиздер. Сиздерге адамдардын өмүрүн жана тынчтыгын сактоо, мыйзамдуулук менен тартипти бузуучулар менен күрөшүү милдеттендирилген. Сиздер ал милдетти так аткарып жаткандыгыңыздарга сыймыктанабыз”-деди.

Кыргыз милициясынын  93 жылдыгынын урматына Борбор калаанын ички иштер органдарынын мыкты кызматкерлери Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамоталары жана Күмүш төш белгилери менен сыйланышты.

“Биздин милиция – бизди коргойт. Буга шаарыбыздын тургундарынын күн сайын ишеними күчөп келет. ИИББ – бул чоң мектеп, кесиптик жана карьералык өсүүдөгү трамплин”-деп белгиледи мэр Албек Ибраимов жана милициянын ишинин маанилүүлүгүн кошумчалады.

Бишкек шаарынын мэриясы дагы мыкты кызматкерлерге Ардак грамоталар, Күмүш төш белги, кол сааттарды тапшырып, 500 000 сомдук сертификат тапшырды.

Куттуктоолорго борбор калаа прокуратурасы, шаардык сот жана УКМК кошулду.