Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Адиса Имангазиева Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер кызматкерлерин куттуктады.

“Ички иштер органдары – жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоочу мамлекеттик бийликтин эң маанилүү түзүмдөрүнүн бири. Сиздердин иш коркунучтар менен байланышып, дайым кесиптик жана жеке сапаттарды талап кылган. Ал эми мундир намысын дайым мыкты кызматкерлер коргоп келген.

Сиздердин иш билгилигиңиздерден, принципиалдуулугуңуздардан борбор калаанын аброю, андагы ынтымак жана тынчтык, ар бир тургундун коопсуздугу көз каранды”-деп белгиледи депутат.

Бишкек шаардык кеңештин атынан Свердлов районунун бир катар милиция кызматкери сыйлыктарга татыды.