Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары - Валентина Лисниченко Ленин районунун ИИМсынын кызматкерлерин куттуктады.

         “Силердин оор, жооптуу жана ардактуу кызмат укук тартибин коргоого, социалдык стабилдүүлүктү, элдердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоого арналган. Силер массалык иш-чараларды, салтанаттарды жана майрамдарды, саясий кампанияларды жана акцияларды өткөрүүдө коопсуздукту жана тартипти камсыз кыласыңар. Кылмыштуулук менен күрөшүү силерден кесипкөйлүктү жана өз жанын аябагандыкты, жогорку моралдык деңгээлди, укуктук маданиятты, эң башкысы –калктын ишенимин жана урмат-сыйын талап кылат. Так ушул сапаттар менен ички иштер органдарынын кызматкерлери айырмаланышат” – деп белгиледи Валентина Лисниченко.

         Ал ардагерлерге кесибине берилгендиги, жаш адистерди тарбиялоодогу, алардагы жогорку адеп-ахлактык  баалуулуктардын түзүлүүсүнө,  мекенчилдик сезимдин жана Ата-Мекенге сүйүүнүн калыптануусуна болгон жардамы үчүн өзгөчө ыраазычылык сөздөр менен кайрылып белгиледи. 

         Муундардын байланышын жана ишин улантуучулукту сактоо менен өздүк курам мындан ары да ички иштер органдарынын атак-даңкын чыгараарына, кыргыз мамлекеттүүлүктүн мындан ары бекемделүүсүнө бардык мүмкүнчүлүгүн жумшаарына ишенээрин билдирди.