Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко Биринчи май районунун үй комитеттеринин төрагаларына: Жумагул Муканбетовага жана Планета Токтосуновага Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

         “Бул эки назик аял жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнө татыктуу салым кошкон. Кеңешип ар кандай көйгөйлөрдү чечсе боло тургандыгын биз баарыбыз түшүнөбүз. Жарандардын активдүүлүгүнөн акыркы натыйжа көз каранды экендигин” – Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары белгиледи.