Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасында кесиптик майрамга карата борбордун автомобиль транспорт кызматкерлерин куттуктоо болуп өттү.

         Майрамга транспорт чөйрөсүнө эмгеги сиңген кызматкерлер жана борбордун жол чарбасынын кызматкерлери катышты. Буларды куттуктоого Бишкек шаардык кеңештин төрагасы - Канатбек Музуралиев, шаардык кеңештин депутаттары: Адиса Имангазиева, Сейдахмат Исмаилов, Эльмир Досалиев, Бишкек шаарынын вице-мэри - Геннадий Милицкий жана башкалар келишти.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы - Канатбек Музуралиев транспортчуларды жана ардагерлерди, автомобилдик инфраструктураны өнүктүрүүнүн башында тургандарды куттуктады.

 Канатбек Музуралиев: “Бүгүн биздин жашообузду авто ташуусуз жана автомобилдик маршрутсуз элестетүү мүмкүн эмес. Бардыгыбыз күнүгө автомобиль айдоочулардын кызматтарынан пайдаланабыз.

Автотранспорт экономиканын маанилүү звеносу болуп саналат. Ал ар  кандай өнүккөн экономиканын ишин камсыздайт. Бүгүн сиздердин алдыңыздарда бир топ маанилүү тапшырмалар турат: автомобилдик ташууларды мындан ары жакшыртуу, алардын коопсуздугун камсыздоо, көрсөтүүлүүчү транспорттук кызматтардын ассортиментин кеңейтүү жана сапатын жогорулатуу”- деп айтты.

Тармактын мыкты кызматкерлери Бишкек шаардык кеңештин Ардак Грамотасы менен сыйланышты.

Сыйлангандардын арасында Бишкек шаардык кеңештин депутаты –Эльмир Досалиев бар.

Транспорт чөйрөсүнүн алдыңкыларын Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий да куттуктады. Тактап айтканда, ал  бүгүнкү күнгө 300 бирдик жүргүнчү транспорт сатып алуу үчүн финансылык каражат тартуу жөнүндө маселе иштелип жаткандыгын, мындан тышкары, 2018-жылы 52 троллейбус жеткирүү жөнүндө  россиялык жана белоруссиялык өндүрүшчүлөрү менен келишимге  кол коюлгандыгын айтты.

Борбордун муниципалитетинен да транспорт чөйрөсүнүн алдыңкы кызматкерлери өз сыйлыктарын алышты.