Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда борбор шаардын мектептеринин ремонту боюнча маалымат угулду.

         Азыркы убакта №№ 25, 10, 44, 28 авариялык билим берүү мекемелерин реконструкциялоо жүрүп жатат. Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Нурлан Эсенбаевдин сөзү боюнча бул муктаждыктарга 200 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн.

         Негизинен бул чатырын, жылытуу тутумун ремонттоо, авариялык ремонт. Мисалы, №44 орто мектепте 6 миллион сомго чатырын капиталдык реконструкциялоо жүргүзүлдү. Ошондой эле, тышкы канализацияны  жана түтүктөрдү ремонттоо, дубалдарды күчтөндүрүү, жасалгалоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгын ККБнын начальниги Нурлан  Эсенбаев билдирди.