Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болду.

Комиссиянын мүчөлөрү Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Нурлан Эсенбаевдин борбордун жөө адамдар өтүүчү жер үстүндөгү көпүрө өтмөктөрүнүн жана эки жер астындагы өтмөктүн курулушу жөнүндө маалымат угушту.

Белгилүү болгондой, борбордо эки жер астындагы өтмөктү реконструкциялоо жүргүзүлгөн. Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астындагы өтмөктүн сметалык наркы - 33 млн. сомду,  Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астындагы өтмөктүн сметалык наркы - 29 млн. сомду түзөт.

Бирок, биринчи эле жаанда, филармониянын жанындагы жер астындагы өтмөктүн кээ бир жерлеринин шыбынан суу аккандыгын көрсөттү.

ККБнын начальниги ушул жуманын ичинде бардык дефекттер көтөрмө уюмдун эсебинен четтетилээрин билдирди.

Бишкекте жөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо максатында, адамдардын көп чогулгандыгы байкалган “Мадина” жана “Аламүдүн” базарларынын жанында эки жөө адамдар өтүүчү жер үстүндөгү көпүрө өтмөктүн курулуш жүрүп жатат.

Эки көпүрөнүн жалпы наркы -35 млн. сомду түзөт.