Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кары адамдар күнүнө карата айлык өткөрүүнүн алкагында Бишкек шаардык кеңештин депутаты Алымбек Бактыбеков борбордун Ленин районунун Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлер, ооруктун эмгекчилери жана укук коргоо органдары кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү менен жолугушуп, аларды куттуктады.

         Валентина Касатых 20 жылдан бери борбордун Ленин районунун Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлер, ооруктун эмгекчилери жана укук коргоо органдары кеңешинин төрагасы болуп иштеп келет. Тамара Омурбекова Ленинград шаарынын блокадачысы, кеңештин мүчөсү, Валентина Рыбянцева Ата Мекендик согуштагы ооруктун эмгекчиси жана кеңештин мүчөсү.

         Бишкек шаардык кеңештин депутаты Алымбек Бактыбеков аларга финансылык сый акы тапшыруу менен, “Кары адамдар күнү – бул улуу муунга биздин районду, шаарды жана өлкөнү өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн ыраазычылык жылуу сөз айтуучу күн, мүмүкүнчүлүк экендигин, алардын көпчүлүгү жаш курактарына карабастан, мурдагыдай эле жүрөктөрү жаш бойдон, активдүү турмуштук позицияны сактап келе жаткандыктарын, өндүрүштө жана коомдук уюмдарда иштеп,  өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого катышууну улантып жаткандыктарын, жаштар үчүн ишенимдүүлүктүн, чыдамкайлыктын, жан аябай  иштөөнүн жана келечекке умтулуунун үлгүсү болуп кала беришээрин” - белгиледи.