Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн муниципалитеттин, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана Кыргызстандын Кызыл ай Улуттук коомунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болду.

         Отурумдун жүрүшүндө КРнын ККАУКсына белгилүү  жашаган жери жок адамдар үчүн приют түзүү максатында, Бишкек шаарынын аймагында жай бөлүү жөнүндө маселе каралды. Караколдо ноябрь айынан апрель айына чейин иштеп жаткан ушул сыяктуу приют бар.

          Социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айгуль Маратбековнанын сөзү боюнча Бишкек шаарынын мэриясы 2018-жылы 180-200 орундуу белгилүү  жашаган жери жок адамдар үчүн приют курууну пландап жатат.

         “Бул долбоор “Ыңгайлуу шарттардын шаары” 2017-2020-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык  өнүктүрүү программасына киргизилген. Социалдык приют  жыл бою иштейт” – деп Айгуль Маратбековна белгиледи