Бүгүн Токтоналиев көчөсүндө жол, тротуар, ирригациялык тармакты куруу, тосмо орнотуу жана бак-дарактарды отургузуу жөнүндө маселелер талкууланган Бишкек шаардык кеңештин ТЖКЧ боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болуп өттү.
Депутаттар, ТЖКЧ боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жол-курулуш иштерин, ошону менен бирге, Джаманбаев көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейинки участокто жөө адамдардын коопсуздугу үчүн жол боюна ирригациялык тармактын өткөрүлөөрүн, металл тосмолордун орнотулаарын сурашты.
Вице-мэр Бакыт Дюшембиевдин сөзү боюнча Токтоналиев көчөсүн реконструкциялоо боюнча иш жүрүп жатат жана курулуш планына ылайык, кичине арык тармактары каралган, жол жээгине тосмолор орнотулат. Жол жээгине чоң бак-дарактарды отургузуу пландалып жатат.
ТЖКЧ боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча депутаттар октябрь айынын аягында шаардын жолдорун кыдырып чыгуу жана мэрия тарабынан жүргүзүлүүчү иштердин сапатын текшерүү чечимин кабыл алышты.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

