Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Чехия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова Ленин районунун администрациясында жана түзүлгөнүнө 90 жыл толгон №22 атайын жардамчы мектепбинде болду.

Бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко, райондун жетекчиси Нурдин Тынаев жана №22 АЖМнын окуучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө №22 АЖМнын окуучулары менен педагогдорунун катышуусунда концерт жана совет жылдарында шаардыктардын жакшы көргөн эс алуу жайы болгон Ю. Фучик сейилбагынын реконструкциясынын презентациясы болуп өттү.

Бишкек шаардык кеңештин атынан төраганын орун басары Валентина Лисниченко мектепке компьтердик техника сатып алуу үчүн 50 000 сомдун сертификатын тапшырды.

“Интергельпо” кооперативи убагында Кыргызстандын өнөр жайынын түптөлүшүнө жана  калыптануусуна баа жеткис салым кошкон. Бул Кыргызстандын элине интернационалдык жардам көрсөтүүнүн масштабдуу долбоору болгон.

Кооператив мүчөлөрүнүн күжүрмөн эмгегинин аркасы менен электр станциясы, механикалык жана жыгач устаканалары, тактай тилүүчү жана тери иштетүүчү заводдору   эксплуатацияга берилген. “Интергельпонун” жардамы менен Канттагы кант заводу, Фрунзе эт комбинаты, Чуй сугат системасы, бир катар турак үйлөр, кийин Ю. Фучик аталып калган биринчи сейилбак жана №22 атайын жардамчы мектеп курулган.

Чехиянын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү менен №22 жардамчы мектептин айланасы дубал менен корулган.

Ленин районундагы №22 атайын жардамчы мектебинде бала чагынан майыптыгы бар 186 бала билим алат. Ушул сыяктуу атайын окуу жайлар шаардын  Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунда жайгашкан.