Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев, Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Гульнара Молдобаева мэриянын кызматтары менен бирдикте бир катар мектепке жана мектепке чейинки жайларга инспекция жүргүзүштү, Калыс-Ордо жана Ак-Ордо конуштарындагы жаңы окуу жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышып чыгышты.

Борбор калаанын Ленин районунун Ак-Ордо конушундагы мектептин курулушу 2016-жылдын октябрында башталган. Долбоорлук сыйымдуулугу – 960 окуучу. Бир нече блоктон турган 3 кабаттуу мектеп бардык курулуш ченемдерине жооп берет. Кенен ашкана, заманбап спорттук зал жана устакана өзүнчө блокто жайгашкан.

Объект үстүбүздөгү жылдын октябрь айында ишке берилмекчи.

Дагы бир объект Биринчи май районунун Калыс-Ордо конушунда курулуп жатат. Окуу мекемеси эксплуатацияга мөөнөтүндө берилмекчи. 1-сентябрдагы линейка жаңы мектептин имаратында өтөт. Аталган объекттин курулушу 2007-жылы эле башталган, бирок экономиканын абалына жана каржы тартыштыгынан улам курулуш токтоп калган. 2015-жылдын апрелинде курулуш кайрадан жанданган.

Бүгүнкү күндө ал жерде окуучуларды кабыл алууга даяр болгон окуу жайы турат. Долбоолук сыйымдуулугу – 960 окуучу. Окуу эки кезметте өтөт.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев бул эки объекттин курулушун жеке көзөмөлүнө алган. БШКнын төрагасынын ою боюнча бул эки объекттин бүткөрүлүшү социалдык мааниге ээ жана кандай кыйынчылык болбосун, мөөнөтүндө буткөрүлөт. “Мектептерде орундардын жетишсиздиги – бул эң актуалдуу маселелерден жана эки объекттин курулушу – шаардын калк жыш жайгашкан райондорунун масштабдуу социалдык долбоорунун ишке ашырылышы”.

Инспекциянын жүрүшүндө борбор калаа парламентинин башчысы №46 жана №10 мектептердеги оңдоо иштеринин аткарылышына өзгөчө көңүл бурду.

№46 орто мектебине чатырдын толук алмаштырылышы керек эле. Чатырдын эскириши окуу процессине терс таасирин тийгизип келген. Учурда чатыр толугу менен жаңыртылган.

 

№10 орто мектебинин бир блогунда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Фундаменттин чөгүшүнө байланыштуу тамдан жарака кеткен. Учурда фундаментти жана тамды бекемдөө, инженердик, аба алмаштыруу жана жылуулук берүү тутумдарын  алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Окуу процесси биринчи чейректен кийин башталат, азырынча балдар жана педагогикалык жамаат №46 мектепке которулган.

№10 мектептин директорунун айтымында 23 жыл ичинде мектепте биринчи жолу капиталдык оңдоо интери жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары төрага борбордун  №12, 47 мектепке чейинки жайларында жана №53 жана 69 мектептеринде болду.

 “Мындай текшерүүлөр дайыма өткөрүлүп турмакчы. Биз балдарыбызды бактылуу кылып, аларга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн мамлекет менен ата-энелердин аракетин бириктиришибиз керек, анткени андан улуттун келечеги, мамлекеттин келечеги көз каранды.”