Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 25-июлда кошумча шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлердин тизмесин берүү жөнүндө маселе  каралган Бишкек шаардык кеңештин кезексиз VI сессиясы  болду.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана Бишкек шаардык кеңешке кайрылуусунун негизинде, шаардык кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июнунда кошумча шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлердин тизмесин түзүү үчүн документтерди кабыл ала турган жумушчу комиссия түзүлгөн. Кошумча шайлоо комиссияларды уюштуруу Бишкек шаарынын аймагында так жашаган жери боюнча каттоосу болбогон, ошондой эле катталган жери боюнча шайлоо күнү добуш берүү мүмкүнчүлүгү болбогон жарандарга  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоосун өткөрүүгө катышуу шарттарын камсыздоо үчүн жасалган.

Жумушчу комиссиянын жыйынтыгы боюнча шайлоочулардан, саясий партиялардан, коомдук бирикмелерден кошумча шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө 364 протокол кабыл алынган.

Район

Участоктордун саны

Протоколдор кабыл алынды

Ленин

8

128

Октябрь

7

79

Биринчи май

5

62

Свердлов

7

95

Бардыгы:

27

364